Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барды

Президент 1188 09 Октябрь 2025 16:30
photo_5420254844041689463_y.jpg
photo_5420254844041689469_y.jpg
photo_5420254844041689472_y.jpg
photo_5420254844041689470_y.jpg
photo_5420254844041689468_y.jpg
photo_5420254844041689467_y.jpg
photo_5420254844041689466_y.jpg
photo_5420254844041689465_y.jpg
photo_5420254844041689464_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5420254844041689463_y.jpg
photo_5420254844041689469_y.jpg
photo_5420254844041689472_y.jpg
photo_5420254844041689470_y.jpg
photo_5420254844041689468_y.jpg
photo_5420254844041689467_y.jpg
photo_5420254844041689466_y.jpg
photo_5420254844041689465_y.jpg
photo_5420254844041689464_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.10.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда президент Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстанга иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Мамлекет башчысы сапарынын жүрүшүндө "Борбор Азия – Россия" экинчи саммитине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Ошондой эле КМШ мейкиндигинде жана "Борбор Азия – Россия" форматында практикалык өз ара аракеттенүүгө кошумча түрткү берүүгө багытталган бир катар биргелешкен документтерди кароо жана кабыл алуу күтүлүүдө.