Президент Садыр Жапаров Египетке расмий сапары менен барды

Президент 1116 04 Ноябрь 2025 20:30
574617798_1387307210070576_4225066192990145069_n.jpg
576918555_1387307096737254_3704525861422167069_n.jpg
576519532_1387307336737230_3342529023606767325_n.jpg
576545224_1387307310070566_6630233392094822043_n.jpg
576634625_1387307293403901_2793144104612559093_n.jpg
574577639_1387307236737240_1125420924993425410_n.jpg
577304651_1387307190070578_4940071310725534280_n.jpg
574571449_1387307100070587_4029237076405764653_n.jpg
577170400_1387307073403923_7423882794561230021_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча Египетке расмий сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Каир шаарынын "Каир" эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Египет Араб Республикасынын жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри Мохамед Айман Ашур жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто Кыргызстандын жана Египет өлкөсүнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылууда, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралган, алар кыргыз-мисир мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө негиз түзөт.