Президент: Митингге тыюу жок, бирок каада-салтка каршы иш жасабагыла

Президент Загрузка... 11 Март 2026 12:17
photo53935564468614.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда тынчтык жыйындарын жана акцияларды өткөрүүгө эч кандай чектөөлөр жок, болгону алар элдин менталитетине жана каада-салтына каршы келбеши керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү Элвира Сурабалдиева 8-март — Аялдардын тилектештик күнүнө карата өткөрүлгөн жүрүшкө шарт түзүлгөндүгү үчүн бишкектик активисттердин атынан мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.

Буга жооп иретинде Садыр Жапаров айрым уюмдардын "өлкөдө митингдерге тыюу салынды" деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбесин тактады.

"Митингдерге тыюу жок. Болгону "Ала-Тоо" аянтында, прокуратура жана сот имараттарынын жанында өткөрүүгө гана чектөө бар. Кимде-ким өз үнүн жеткиргиси келсе, Горький сейил багында мэрияга алдын ала кабар берип, акцияларын өткөрө беришсе болот. Биз буга тоскоолдук кылбайбыз", — деди Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы акциялардын мазмунуна токтолуп, катышуучуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Анын айтымында, айрым учурларда азчылыкты түзгөн топтор жалпы элдин кыжырын келтирген ураандарды колдонууда.

"Болгону элибиздин менталитетине каршы келген ураандарды көтөрбөө керек. Мындай адамдар 1 пайыздан да аз. Алар плакат көтөрүп алып, баары аларды колдошун талап кылышат. Бул 7,5 миллион адамдын кыжырын келтирет. Ошондуктан биз алардан мындай кадамдарга барбоону суранабыз. Митингдерде каада-салтка туура келбеген чакырыктар айтылбашы керек", — деп кошумчалады президент.