Президент мандаттарды эркектер менен аялдар арасында бөлүштүрүү тартибин түшүндүрдү

Президент Загрузка... 02 Октябрь 2025 16:45
1035790305_20_352_4.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде мандаттарды эркектер менен аялдар арасында бөлүштүрүү тартибин түшүндүрдү.

Өлкө башчынын айтымында, ар бир округда үчтөн мандат бар. Аялдар үчүн бир орунга кепилдик берилет. Бирок, үч алдыңкы орунга тең аялдар ээ болсо, үчүнчү орун эркекке тийет.

"Эгер биринчи эки орунду аялдар алса, анда 3-орунду эркектердин арасынан эң көп добуш алган эркек ээлейт. Кийин 3 депутаттын орундары бошосо, артында кезекте турган талапкерлер келе беришет. Бул орун гендерлик теңчиликтин орду",-деди президент.

Ал ошондой эле эми мурдагыдай бошогон орундарга шайлоолор болбой турганын эскертти.

"Бул жерден да үнөм болот, бюджеттен чыгым болбойбуз. Мурда бошогон орундарга кайра-кайра эле шайлоо өткөрө берчүбүз. Бюджеттен 100 миллиондогон сомдор кетчү",-деп белгиледи мамлекет башчы.