Президент "Манас Ордо" комплексинин жаңы объекттеринин ачылышына катышты

Президент 11 сентябрь 2026 15:10
805219319_1546479917248021_2011297221343804936_n.jpg
805151078_2362784251193505_3322925335574581381_n.jpg
1.jpg
800965653_4613037068974221_1407604091990017592_n.jpg
802459134_1101961809023812_1178331231212408794_n.jpg
802700984_1124939300220616_2821216093455155812_n.jpg
802700999_1802978574054194_5796731182652915617_n.jpg
802964709_1462074805783641_3300632653882425357_n.jpg
803103324_2247839089284305_4928576868723503917_n.jpg
803103333_28638070085880510_2339612330096824850_n.jpg
803103723_2253733245402750_7715002765170609504_n.jpg
803323201_1836055757383862_4305918504898425513_n.jpg
803105888_939875382507633_7466163206941730833_n.jpg
804026019_1484795143476314_5642533203097734915_n.jpg
804305425_2239730523260643_87764713700433724_n.jpg
804365021_2849409242111241_7464686886476172865_n.jpg
804365613_1808054813705396_1202885119044285495_n.jpg
804365657_1090939246878003_5084983156704958149_n.jpg
804365659_1387027616940340_8308197370861537248_n.jpg
804365690_1621052572700541_5019148432657846883_n.jpg
804878259_1391995053139551_2908777759676752410_n.jpg
804959184_1597710635171749_6809645220578034769_n.jpg
804959206_1070636182486401_2650670285193882084_n.jpg
805120090_1006975892366064_6770665714772661299_n.jpg
805151072_1078993238114657_5820530229439394181_n.jpg
805218658_2194571484807733_7673682051226857777_n.jpg
805314332_2001367130568457_409171976712474254_n.jpg
805661181_1383731956689514_3606624698338234709_n.jpg
805764708_1388439729457863_5373637822220510219_n.jpg
805784504_980297308418449_8313346175544322021_n.jpg
805807991_2488468971645407_6417634328902515208_n.jpg
805808520_912327498267836_4339925250208047687_n.jpg
805814385_1772543890659960_7875579196716414129_n.jpg
805886487_1438576871500864_3016363258427261144_n.jpg
805925371_1117130080646696_972185556277513044_n.jpg
805936962_2199158721017599_7597865176220299114_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин жаңы объектилеринин ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө "Манас" эпосунун негизинде сахналаштырылган көрсөтмө тартууланды.

Андан соң мамлекет башчысы сөз сүйлөп, "Манас Ордо" комплексин жаңылоо кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, улуттук духту, биримдикти жана муундардын байланышын бекемдөө үчүн маанилүү кадам экенине токтолду.

Президент белгилегендей, бул комплекс жаштарды мекенчилдикке, тарыхты сыйлоого жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликке тарбиялаган заманбап руханий-маданий борбор болушу керек.

Салтанаттуу иш-чара төкмө акындардын аткаруулары менен уланды.

“Манас Ордо” комплекси өлкөдөгү маанилүү маданий-тарыхый жана руханий жайлардын бири болуп саналат. Анын тарыхы 1976-жылдан башталат. Дал ошол жылы Манастын күмбөзүнүн айланасында адабий-этнографиялык музей түзүлгөн. Ал эми 2001-жылы комплекске “улуттук” статусу берилген.

Учурда комплекстин аймагында масштабдуу оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, бир катар жаңы объектилер курулуп, айрымдары жаңыланды.

Алардын катарында 2 676 чарчы метр аянттагы, 200 орунга ылайыкталган, мамлекеттик, эл аралык, маданий жана илимий иш-чараларды өткөрүүгө арналган Конгресс-холл бар.

Конокторду кабыл алуу үчүн зыяратчылар үйү, беш коттедж жана банкеттик зал курулду. Бул объектилер мамлекеттик жана чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда расмий жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө зарыл болгон шарттарды камсыз кылат.

Ошондой эле жалпы аянты 531 чарчы метрди түзгөн жаңы административдик корпус курулду. Ал заманбап жабдуулар менен камсыздалып, комплекстин ишин уюштуруу жана башкаруу үчүн пайдаланылат.

Өзгөчө көңүл “Манас” музейин жаңылоого бурулду. Анын аянты 1 090 чарчы метрге чейин кеңейтилди. Жаңыланган экспозицияда “Манас” эпосу менен катар “Семетей” жана “Сейтек” эпостору да кеңири көрсөтүлгөн.

Музейде заманбап санариптик жана голографиялык технологиялар да киргизилди. Алар келүүчүлөргө кыргыз элинин эпикалык мурасы менен жаңы форматта таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча – 3 000 орундуу, жалпы аянты 2 752 чарчы метрди түзгөн жабык трибуна да реконструкцияланды. Ал спорттук жана маданий иш-чараларды, фестивалдарды жана башка ири иш-чараларды өткөрүүгө арналган.

Комплекстин туристтик жана маданий инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жалпы аянты 351 чарчы метр болгон сувенир дүкөндөрү да курулду. Бул жайларда улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары, сувенирлер жана улуттук стилдеги белектер сатылат.

Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин инфраструктурасын жаңылоо тарыхый-маданий мурасты сактоого жана кеңири жайылтууга, келгендер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө багытталган.