Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Учурда мамлекет спортту өнүктүрүү багытында чечкиндүү кадамдарды жасоодо. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан IV Элдик курултайда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин заманбап бир стадион куруу кыял болсо, бүгүнкү күндө өлкө боюнча спорттук инфраструктура активдүү өнүгүүдө.
“Азыр ар бир облуста машыгуу залдары, спорт комплекстери жана массалык спорт аянтчалары салынып жатат. Бул объекттер жөн эле курулуш эмес, келечекте улуттук деңгээлдеги чемпиондор өсүп чыга турган сыймыктуу аянтчаларга айланат. Бул иштерди дагы да улантабыз”, - деди өлкө башчы.