Президент: Мамлекет мектеп, бала бакча, оорукана инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда

Президент 1672 15 Ноябрь 2025 14:46
581115186_1397317149069582_4133416634770295389_n.jpg
581178987_1397317202402910_122768607371610491_n.jpg
581229173_1397317159069581_8403461584307823172_n.jpg
581343297_1397316902402940_5710838183439661267_n.jpg
581461966_1397316799069617_5032089241471757082_n.jpg
581640801_1397316542402976_1690868283080017488_n.jpg
581824086_1397317212402909_2019806246434927492_n.jpg
581960576_1397317239069573_4668650438055368110_n.jpg
582056861_1397316689069628_3980420097763511016_n.jpg
582148205_1397316395736324_2709297025634139768_n.jpg
582240881_1397317025736261_2700351041526048206_n.jpg
582279732_1397316972402933_5400330902624873025_n.jpg
582327565_1397317085736255_275676563969162656_n.jpg
582438863_1397316472402983_4290433260912611346_n.jpg
582553266_1397317299069567_6681301890047128472_n.jpg
582563227_1397317385736225_6554759477280530990_n.jpg
582737931_1397316502402980_4694219668895848413_n.jpg
582883022_1397317139069583_5532003688323216660_n.jpg
583129256_1397317015736262_5535101493801090093_n.jpg
583293708_1397316432402987_3240822007537179283_n.jpg
583452745_1397316442402986_8397339903250461433_n.jpg
583622297_1397316399069657_4943163948746751674_n.jpg
583635795_1397316765736287_95324539171589604_n.jpg
583699050_1397317065736257_3892591374059671254_n.jpg
583906857_1397317349069562_7190293631108291072_n.jpg
583941693_1397316942402936_959729018339497843_n.jpg
584530521_1397317322402898_8079894341027576586_n.jpg
1.jpg
579548242_1397316595736304_1701220828121541768_n.jpg
580526456_1397317182402912_8177817326574184941_n.jpg
581115186_1397317149069582_4133416634770295389_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышты.

Аянты 10,5 гектарга жакын аймакта билим берүү, тарбиялоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча заманбап комплекс түзүлдү. Анын негизги объектиси болуп 5 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеген, 570 окуучуга ылайыкталган жана 20 заманбап кабинет жана өзүнчө музыкалык блок менен жабдылган эки кабаттуу жаңы мектеп саналат.

Комплексте ошондой эле аянты 1,6 миң чарчы метрден ашык, 140 орундуу эки кабаттуу бала бакча, ошондой эле 40 миңге чейин жашоочуну тейлөөгө ылайыкталган аянты болжол менен 1,3 миң чарчы метр болгон үй-бүлөлүк медициналык борбор бар.

Жакынкы аралыкта комплекстин аймагында кошумча спорттук аянтча жана воркаут зонасы курулат.

Бул аймакта социалдык объектилерди куруу Мамлекеттик резиденциянын жерлеринин бир бөлүгүн социалдык жана билим берүү муктаждыктары үчүн бөлүп берүүнү тапшырган президенттин демилгесинин аркасында мүмкүн болду. Буга чейин Чоң-Арык айылынын тургундары билим берүү мекемелеринин жоктугу маселесин чечүүнү өтүнүп кайрылышкан.

Мамлекет башчы өз сөзүндө бүгүн дүйнө билим менен өнүгүп, илим менен ар кандай бийиктиктерге жетип жатканын белгиледи. Ар бир мамлекет өз ийгилигин билимдүү жарандары аркылуу курууда.

“Биз да мындай дүйнөлүк өнүгүү агымынан артта калбашыбыз керек. Ошондуктан мамлекетибиздин башкы максаты – өлкөбүздүн бардык аймактарындагы балдарга сапаттуу билим берүүгө толук шарт түзүү. Бул максатта акыркы жылдары өлкөбүздүн бардык дубандарында жаңы, заманбап талаптарга жооп берген мектептер салынууда. Буга баарыңыздар күбө болуп жүрөсүздөр. Бүгүн ачылып жаткан объектилер дагы ошол системалуу саясаттын бир мисалы”, - деди Садыр Жапаров.

Ал бүгүнкү ачылып жаткан имараттар – социалдык саясат жаатындагы жүргүзүлүп жаткан кеңири иштердин бир гана бөлүгү экенин белгиледи. Мамлекет мектеп, бала бакча, оорукана инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда.

“Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгында республика боюнча жалпысы 118 мектеп менен бала бакчанын курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүтүп, пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы 32 мектептин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери аяктайт.

Быйыл бюджеттин эсебинен республика боюнча 25 оорукана, поликлиника курулуп жатат. Андан тышкары, 22 саламаттык сактоо объектиси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Келерки жылы Бишкекте жарандарыбыз бардык адистештирилген медициналык кызматтарды бир жерден ала тургандай 5 миңден ашуун койкага ылайыкташтырылган медициналык шаарчанын курулушу башталат”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы жана ушундай масштабдуу иштер элдин жашоо деңгээлин жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады. Бул – мамлекетибиздин адамдык капиталга багытталган туруктуу саясатынын жыйынтыгы.

Садыр Жапаров мугалимдерге кайрылып, жаңы муунду тарбиялоодо талыкпай эмгектенип жаткан, ошондой эле ар бир балага кам көрүп, көңүл бурган мугалимдерге терең ыраазычылык билдирди. Президент мамлекет билим берүү системасын жаңыртуу процессинде мугалимдердин ролун жогору баалай турганын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө учурда мугалимдердин орточо айлык акысы 26 миң сомду түзөрүн, ал эми кийинки жылдын 1-апрелинен тарта көтөрүлгөндөн кийин 40 миң сомго жакын болорун белгиледи.

“Шаар жергесинде орто билим берүү мектебинде орто билим бар, жаңы келген, тажрыйбасы жок мугалим көтөрүлгөндөн кийин 22 миң сомдун тегерегинде алат. Ал эми айыл жергесинде орто билим берүү мекемесинде эмгектенген билим даражасы “бакалавр” кыргыз тил мугалиминин эмгек акысы учурда 23 151 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 27 360 сомду түзөт. Алыскы тоолуу жергесинде орто билим берүү мектебинде эмгектенген жогорку билимдүү математика мугалими учурда эмгек акысы 65 809 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 80 860 сомду түзөт”, - деди президент.

Жыйынтыгында ал ата-энелердин активдүү катышуусу, алардын мектеп менен тыгыз кызматташуусу жана мугалимдердин колдоосу аркылуу балдар билимдүү гана эмес, тарбиялуу, мекенчил жарандар болуп чыгышарын белгиледи.

Мамлекет башчысы келечекте бүткүл өлкө боюнча заманбап мектептер, бала бакчалар жана медициналык мекемелер курулуп, бул ар бир жарандын билим алууга жана саламаттыкты сактоого болгон укугун камсыз кылууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров социалдык объектилердин инфраструктурасы менен таанышып, окуу имаратын, бала бакчаны жана медициналык борборду көрүп чыкты.