Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу элге кайрылуу жасап, мамлекеттик кызматкерлерди шайлоого аралашпоого чакырды.
Анын айтымында, кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбастан катуу жазаланарын эскертти.
"Ушул жерден айыл өкмөттөн баштап мага чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге да кайрыла кетейин.
Шайлоого аралашпаңыздар. Кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбайсыздар. Катуу жазалайбыз.
Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз.
Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар.
Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар. Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн", - деди ал.