Бишкек, 17.12.25 /Кабар/. Эгемендик алгандан бери коңшу өлкөлөрдөн артта калгандын бир себеби бул — кадр саясаты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, эгемендик алгандан бери кадр даярдоо маселеси таптакыр токтоп калган. Азыр болсо, “Акылман” лицейи ачылып, мамлекеттик башкаруунун келечектеги кадрлары даярдалууда.
“Мамлекеттик кызматтарга жогору жактагы тааныш-билиши же жакын туугандары болсо гана орношо алышчу. Алар ошол кызматтарга татыктуубу же жокпу ал маселе эч кимди кызыктырчу эмес. Ошондуктан иш билги, кесипкөй кадрлардын баарын чет өлкөлөргө качырып алдык.
Ушу тапта күндөн күнгө жакшы кадрларга талап өсүп жатат. Ошол себептен 2023-жылы Чолпон-Ата шаарында “Акылман” президенттик мектебин ачтык. Ар бир облустан өзгөчө таланттуу, жөндөмдүү балдарды тандап алып, алардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүп, андан ары өлкөдөгү жана дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларга жөнөтүү менен кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу максатында окутуп жатабыз”, — деди президент.
Садыр Жапаров окуусун аяктап келгенде мамлекет жаш кадрларды милдеттүү түрдө кызматка аларын айтты.
“Биз аларга миллиарддаган акчаларды коротуп, мамлекеттик башкаруунун келечектеги кадрлары кылыш үчүн окутуп жатабыз”, — деп кошумчалады президент.