Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Вашингтон шаарында "Борбордук Азия - АКШ" (C5+1) саммитинде кыргыз-америка мамилелеринин төрт багытын белгиледи.
- экономика жана инвестициялар, туризм;
- гидроэнергетика;
- санарип экономика, жасалма интеллект, IT чөйрөсү;
- коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо.
Мамлекет башчысы билдиргендей, эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы актуалдуу маселелер, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдөөгө багытталган темалар талкууланды.
“Бул өңүттө кыргыз тарабы президент Дональд Трамптын глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңжалдарды токтотууга кошкон олуттуу салымын жогору бааларын баса белгилейм. Өз кезегимде, мен дагы мамлекет башчысынын кызматына келгенде өзүм үчүн эң маанилүү артыкчылыктуу бир милдет койгом – бул коңшу мамлекеттерибиз менен чек ара маселелерин ынак коңшулуктун нугунда чечүү болчу. Беш жылдан соң мен кесиптештерим менен бирге бул милдетимди, эң негизгиси тынчтык жолу менен, ишке ашыра алганымды канааттануу менен белгилейм”, - деди өлкө башчысы.