Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
Мамлекет башчысынын айтымында, өткөн жылдары уюшкан кылмыштуулуктун таасири бизнес үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратып, экономиканын өнүгүшүнө тоскоол болгон. 2020-жылдан тартып кылмыштуу түзүмдөрдүн таасирин жоюу жана мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча ырааттуу чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.
"Мамлекет үчүн криминал менен күрөшүү салыштырмалуу оңой болду. Алгач иш-аракеттерди пландап, бир сутканын ичинде кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармап, көчөдөгү криминалды тазаладык. Ал эми коррупция менен күрөшүү өтө кыйын экен. Менин президент болуп иштеп жатканыма алты жылга жакындады. Ушул убакыттан бери коррупция менен күрөшүп келебиз, бирок азырынча аягына чыга элекпиз. Коррупция дагы деле бар, бирок мурдагыдай эмес. Эгер сиздер бизнес жүргүзүү үчүн Кыргызстанга барсаңыздар, мурдагыдай "мага пара бер", "10 пайызын бер", "20 пайызын бер" деген чиновниктер жок. Эч кимге акча бербей, мыйзамдуу иштей аласыздар. Бүгүн Кыргызстан такыр башка Кыргызстан. Эл өлкөнү 2020-жылга чейинки жана 2020-жылдан кийинки Кыргызстан деп эки мезгилге бөлүп айтып жатат. Ошондуктан Кыргызстанда ак ниет ишкердик менен алектенип, ири бизнес жүргүзүүгө болот деп ишендирип кетейин", - деди өлкө башчысы.