Президент Конституцияга ылайык келбеген Жер кодексин четке какты

Аналитика Загрузка... 07 Апрель 2025 15:25
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кечээ 6-апрелде президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, кийин коомчулукта катуу нааразылык жараткан Жер кодексин каршы пикири менен артка кайтарды. Кыргызстандын Конституциясына ылайык жеке менчик кол тийгис. Президент, биринчиден, ушул жагдайды эске алып, жер тилке же турак жай турган жер мамлекеттик максатка зарыл болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп, же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керек деген оюн билдирди.

Конституцияда жеке менчик кол тийгис жана эч ким өз менчигинен соттун чечимисиз ажыратылышы мүмкүн эмес деп турса дагы, парламент үчүнчү окууда кабыл алган жаңы Жер кодексинде коомчулукта жеке менчикти алып коюну мыйзамдаштырат деген тынчыздануу пайда болгон.

Албетте, бул маалымат коомчулукка тарагандан кийин, кыргызстандыктар өкмөт алардын жеке мүлкүн тартып ала баштайт деп кооптоно башталып, айрымдары ачык эле каршылыгын айтып чогулган окуялар катталган. Белгилей кетсек, парламент кабыл алган Жер кодексинде жарандар бийликке саткысы келбесе же сунушталып жаткан компенсацияга макул болбосо дагы, жер тилкелерин тартып алуу каралган.

Мисалы, эгерде кайсы бир жергиликтүү администрация мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жаңы жол курууну чечсе, ал бирөөнүн жеке менчик жеринен өтүп атса, анда анын ээсине эки жол сунушталат. Ордуна башка жерден ошондой эле жер тилкесин берилет же акчасы сунушталат.

Эски Жер кодексинде мындай участоктун баасын аныктоодо негизги шарт базар баасы болгон. Жаңы кодексте бул түшүнүк “жетиштүү нарк” деген терминге алмаштырылган. Ошол “жетиштүү нарктын” көлөмүн аткаминерлер өздөрү аныкташат. Жер ээси ага макул болбосо, сот аркылуу чечилет. Акыры компенсациянын көлөмүн сот аныктап, жер ээси аргасыздан макул болмок.

Президент бул боюнча жер мамлекеттик максатка зарыл болсо ордуна компенсация төлөнүп, же башка жерден тийешелүү жер тилкеси сунушталышы керек деп оюн ачык билдирди. Бул жерде жер участогунун менчик ээсинин өлчөмүнө жараша компенсация алууга укугу чектелип жатканын жана "калыбына келтирүү наркы" термини аныкталбагандыгын президент дагы мыйзамга туура келбесине токтолду.

Документте жайыттарды трансформациялоо, жерди чет өлкөлүктөргө түз сатуу, жер тилкесинин ээсинин пропорционалдуу компенсация алуу укугун чектөө сыяктуу күмөндүү демилгелер да камтылган. Өлкө башчы ошондой эле Кодекстин жети пункту мыйзамга, айрымдары Конституцияга туура келбестигин белгилеген. Алардын кээ бирине ылайык, жер ээлери менен мамлекеттин атынан басып алуу шылтоосу менен талап кыла ала тургандардын ортосунда карама-каршылыктарды сөзсүз түрдө жаралмак. Садыр Жапаров каршы пикири менен жарандардын жеке мүлкүн тартып алуу мүмкүнчүлүгүн токтотту.

Эми аткаминерлер кызыл китепти четке кага алышпайт. Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис бойдон калууда. Жер ээлери менен сүйлөшүүнүн бирден-бир туура жолу бул жер тилкени өз ара алгылыктуу шарттарда базар баасы менен сатып алуу же алмашуу.

Кыймылсыз мүлктү тийиштүү компенсациясыз алып кою бул менчик эсинин укугун тебелөө жана мыйзамсыз. Эксперттердин пикири боюнча, Садыр Жапаровдун шектүү мыйзам демилгесине вето койгонун так ушундай кабыл алыш керек. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын академиги, айыл чарба илимдеринин доктору Жамин Акималиев “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде белгиледи.

«Мен агрардык илимпоз жана айыл чарба адиси катары 2025-жылдын 13-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Жер кодексинин жаңы редакциясына карата президент Садыр Жапаровдун каршы пикирине толук кошулам, анткени ал Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы Конституциясына түп тамырынан бери карама-каршы келет.

Биринчиден, эч кандай учурда жарандардын жеке менчик жерлерин тартып алууга жол берилбеши керек, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинде “Кыргыз Республикасында менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка түрлөрү бирдей таанылат жана корголот, менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркине каршы мүлктү камакка алуу мыйзамда белгиленген тартипте соттун чечими боюнча гана жол берилет»,-деди ал.

Ал ошондой эле жер тилкенин ээсин тийиштүү, базар баасына ылайыктуу компенсация алуу укугун чектөөгө болбосун айтты.

«Чынында эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ушул эле 15-беренесинде “Мыйзамда аныкталган коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу ал мүлктүн наркынын жана мүлктү ээликтен ажыратуунун натыйжасында келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын ала камсыз кылуу жолу менен соттун чечими боюнча жүргүзүлөт деп белгиленген.

Жер кодексинин жаңы редакциясында мал жаюуга байланышпаган мамлекеттик жайыттарды өткөрүп берүү (трансформациялоо) жолу менен жеке менчикке өткөрүүгө жол берилет деп жазылган. Бул жобо дагы Конституцияга карама-каршы келет, анын 16-беренесинде “Жайыт, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп саналат” деп баса белгиленген.

Жер кодексинин жаңы редакциясынын мамлекеттер аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында жер тилкелерин чет өлкөлүк жактардын менчигине тооруксуз, түз сатуу же алмаштыруу жолу менен берүү мүмкүндүгү боюнча дагы бир пункту катуу сынга кабылды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинде “Жер чет өлкөлүк жарандардын жана чет өлкөлүк катышуусу бар юридикалык жактардын жеке менчик укугунда болушу мүмкүн эмес" деп жазылган.

Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 1999-жылдан бери 60 тан ашык аракет жасалып көрүнгөн. Бул демилгелер жакшы эмес эле. Эми алар токтойт деген убакыт келди деп ойлойм”, - деп жыйынтыктады Жамин Акималиев.

Эксперттер белгилегендей, акыркы убакта көп учурда аткаминерлер бир нерсени оңдойм деп, бирок мыйзамдуу документтери бар жарандардын кызыкчылыгын такыр этибарга албай койгон жагдайлар жарала баштады. Албетте, коомчулукта эмне болуп жатканын билген президент, мындай кооптуу нерселерди көңүл сыртында калтырбай, ар дайым өз пикирин билдирип келет.

Жер маселеси боюнча адистер талаш жараткан кодекстин долбоору министрлер кабинетинин мурдагы курамында парламентте иштелип чыгып, жактырылганына шылтап коюшу ыктымал. Бирок учурдагы өкмөттүн иш ыкмасы жарандарды жана бизнести ашыкча кысымдан коргоо үчүн, анын ичинде салык маселелери боюнча өзгөргөнү байкалып турат. Бул, албетте, жарандардын, бизнес чөйрөсүнүн мамлекетке болгон ишенимин артат.