Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган жана келечектүү инвестициялык долбоорлор, инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле аймактын актуалдуу көйгөйлөрү жана муктаждыктары менен таанышты.
Мамлекет башчысына маалымдалгандай, 2021-2026-жылдары Кант шаарынын өнөр жай секторунда үч ири ишкана ачылган.
Атап айтканда, “Кант цемент заводу” ААКсына салынган инвестициялардын көлөмү 5,25 млрд сомду түзүп, 736 жаңы жумуш орду түзүлгөн. “Стилекс” ЖЧКсына 1,92 млрд сом инвестиция салынып, 80 жумуш орду түзүлгөн, ал эми “БекемБлок” ишканасына 962 млн сом инвестиция салынып, 128 жумуш орду түзүлгөн.
В рамках развития социальной инфраструктуры проведена работа по улучшению условий в сферах образования, общественной безопасности, обслуживания населения и жилищного обеспечения.
Социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында билим берүү, коомдук коопсуздук, калкты тейлөө жана турак жай менен камсыздоо чөйрөлөрүндөгү шарттарды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Президенттин Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен эки бала бакча толугу менен калыбына келтирилген. Мындан тышкары, алты мектепте жана жети бала бакчада оңдоо иштери жүргүзүлдү. Шаарды көрктөндүрүү максатында бир парк жаңыланып, эки сквер курулган.
Калкты тейлөө чөйрөсүндө Калкты тейлөө борбору ачылып, 12 кызматтык жана беш муниципалдык үй берилген. Ошондой эле бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу пайдаланууга берилген.
Учурда шаарда бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу уланууда. Атап айтканда, К. Рыскулов атындагы № 2 мектептин ордуна 500 окуучуга ылайыкталган заманбап билим берүү мекемеси курулууда. Зубков атындагы № 1 мектептин кошумча корпусу дагы 250 окуучуну орун менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Кыргызшелк айылы таза ичүүчү суу менен толук камсыздалган. Бул үчүн 13 км суу түтүк тармактары тартылган. Мындан тышкары, маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн амфитеатрдын курулушу жүрүп жатат.
Келечектүү долбоорлордун катарында калдыктарды кайра иштетүүчү завод куруу, 40 автобус сатып алуу, ошондой эле жаңы муниципалдык базар куруу бар.
Мындан аркы өнүгүүнүн дагы бир багыты катары жеңил өнөр жайдын жаңы аймагын түзүү аныкталган. Бүгүнкү күндө бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдар потенциалдуу инвесторлор бар.
Ошону менен бирге саркынды сууларды чыгаруу маселелерин чечүү жана экологиялык абалды жакшыртуу зарылдыгы белгиленди. Атап айтканда, Кант шаарынын канализациялык саркынды сууларын тазалоочу курулмаларды куруу, ошондой эле шаарда жана Люксембург айылында канализациялык тармактарды тартуу талап кылынат.
Ысык-Ата районунда 2026-жылдын тогуз айында сегиз ири өнөр жай ишканасы ачылган. Жыл аягына чейин дагы төрт ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда, ал эми 2027-жылга 15 өнөр жай объектисин ишке киргизүү белгиленген.
Акыркы беш жылда райондо 67 объект пайдаланууга берилген, анын ичинде 7 мектеп, 9 фельдшердик-акушердик пункт, мини-футбол үчүн 30 аянтча, 4 спорт зал, 1 бала бакча, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 12 кызматтык үй жана таза суу менен камсыздоо боюнча 2 объект бар.
Ушул эле мезгилде райондо 128,51 км жолго асфальт төшөлгөн, анын ичинен 58,32 чакырымы 2026-жылы асфальтталган.
Өнөр жай секторунда акыркы беш жылда өсүмдүк майын өндүрүүчү эки ири завод пайдаланууга берилген.
Райондун айыл чарбасында асыл тукум малдын жогорку продуктуулугун камсыз кылуу менен алектенген 14 асыл тукум мал чарба кожолугу, ошондой эле өлкөнүн башка аймактарын үрөн менен камсыз кылган беш үрөнчүлүк чарбасы бар.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн оң динамикасы белгиленди. Эгерде 2021-жылы кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү гектарына 405 центнерди түзсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 700–750 центнерге жеткен. Буудай жана арпа үрөндөрүнүн түшүмдүүлүгү 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге жогорулаган.