Президент: Экономика өскөн сайын айлык, пенсия жана жөлөк пулдар көбөйө берет

Президент Загрузка... 11 Март 2026 11:36
1061344891_0_161_3067_1886_1920x0_80_0_0_de556a12ae02caaf81747b8363a6afac.jpg

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Бюджеттин мүмкүнчүлүгү кеңейген сайын Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдарга, үй-бүлөсүнүн кирешесине карабастан, жөлөк пул берүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда өлкө экономикасынын өсүшү менен катар социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

"Экономика өскөн сайын айлык маяна, пенсия жана жөлөк пулдарды көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Келечекте бюджетибиз көбөйгөн сайын 16 жашка чейинки балдарга бай-кедейине карабай, баарына бирдей жөлөк пул берүүгө аракет кылабыз", — деди Садыр Жапаров.

Президент кошумчалагандай, мамлекеттин социалдык саясаты калктын аялуу катмарын колдоого жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.