Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформанын алкагында, Бишкек шаарынын Биринчи май районуна кирген Достук айылына мектеп салуу тапшырмасын берди.
Маалым болгондой, 1 миң 200 түтүн калк жашаган бул айылда мектеп жок болгондуктан, балдар коңшу айылдын мектебине каттап окушат.
Бишкектеги Алтай шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде айыл тургунунан бул тууралуу маалымат алган президент курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге Достук айылына мектеп салуу маселесин кароону тапшырды.