Президент Бишкек шаардык милициясынын жаңыланган имаратына барды

Президент 1070 01 Ноябрь 2025 15:26
FB_IMG_1762003522222.jpg
FB_IMG_1762003525342.jpg
FB_IMG_1762003528170.jpg
FB_IMG_1762003531192.jpg
FB_IMG_1762003533224.jpg
FB_IMG_1762003534984.jpg
FB_IMG_1762003537162.jpg
FB_IMG_1762003539838.jpg
FB_IMG_1762003542099.jpg
FB_IMG_1762003544048.jpg
FB_IMG_1762003545897.jpg
FB_IMG_1762003548295.jpg
FB_IMG_1762003550843.jpg
FB_IMG_1762003552882.jpg
FB_IMG_1762003555250.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1762003522222.jpg
FB_IMG_1762003525342.jpg
FB_IMG_1762003528170.jpg
FB_IMG_1762003531192.jpg
FB_IMG_1762003533224.jpg
FB_IMG_1762003534984.jpg
FB_IMG_1762003537162.jpg
FB_IMG_1762003539838.jpg
FB_IMG_1762003542099.jpg
FB_IMG_1762003544048.jpg
FB_IMG_1762003545897.jpg
FB_IMG_1762003548295.jpg
FB_IMG_1762003550843.jpg
FB_IMG_1762003552882.jpg
FB_IMG_1762003555250.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жаңыланган имараты менен таанышты.

Мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайгашкан имарат толугу менен реконструкцияланып, заманбап талаптарга ылайык жабдылган. Бул жерде ыкчам бөлүмдөрдүн, тергөө кызматтарынын, нөөмөт бөлүгүнүн жана участкалык инспекторлордун натыйжалуу иштеши үчүн ыңгайлуу жана функционалдык шарттар түзүлгөн.

Санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Имаратта "Коопсуз шаар" долбоору менен интеграцияланган заманбап кырдаалдык борбор ачылган.

Борбор заманбап аналитикалык шаймандар жана видеокөзөмөл системалары менен жабдылган, бул борбор калаанын көчөлөрүндөгү абалды реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө, окуяларга ыкчам жооп кайтарууга жана коомдук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, заманбап иш бөлмөлөр, жыйын жана басма сөз иш-чаралары үчүн залдар жабдылган. Жарандарды кабыл алуу жана кайрылууларды кароо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берерин белгиледи.

Иш-чаранын соңунда президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков менен биргеликте башкармалыктын аймагына көчөт отургузууга катышты, бул өлкөнүн ички иштер системасын жаңыртуунун жана андан ары өнүктүрүүнүн белгиси болуп калды.