Президент Базар-Коргондун тургундарынын көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө чакырды

Президент
5391203973018099330.jpg
5391203973018099319.jpg
5391203973018099320.jpg
5391203973018099321.jpg
5391203973018099323.jpg
5391203973018099314.jpg
5391203973018099315.jpg
5391203973018099316.jpg
5391203973018099317.jpg
5391203973018099318.jpg
5391203973018099322.jpg
5391203973018099324.jpg
5391203973018099325.jpg
5391203973018099326.jpg
5391203973018099331.jpg
5391203973018099327.jpg
5391203973018099332.jpg
5391203973018099311.jpg
5391203973018099312.jpg
5391203973018099313.jpg
5391203973018099328.jpg
5391203973018099329.jpg
Алдыга
Артка
5391203973018099330.jpg
5391203973018099319.jpg
5391203973018099320.jpg
5391203973018099321.jpg
5391203973018099323.jpg
5391203973018099314.jpg
5391203973018099315.jpg
5391203973018099316.jpg
5391203973018099317.jpg
5391203973018099318.jpg
5391203973018099322.jpg
5391203973018099324.jpg
5391203973018099325.jpg
5391203973018099326.jpg
5391203973018099331.jpg
5391203973018099327.jpg
5391203973018099332.jpg
5391203973018099311.jpg
5391203973018099312.jpg
5391203973018099313.jpg
5391203973018099328.jpg
5391203973018099329.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда Базар-Коргон районунун эли менен жолугушту.

Жолугушуунун катышуучулары жол жана коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүү, турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлк талаштарын чечүү, ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген насыялардын жеткиликтүүлүгү маселелерин көтөрүштү.

Өзгөчө көңүл калктуу конуштардагы жолдордун абалына, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, калкты суу менен камсыз кылууга жана жарандардын жашоо сапатына түздөн-түз таасир эткен башка маселелерге бурулду.

Президент Садыр Жапаров жол инфраструктурасын өнүктүрүү иштери уланып жатканын айтып, тургундарды белгиленген пландарды этап-этабы менен ишке ашырууга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды. Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ал кооптуу тилкелердин абалын изилдеп, жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Жолугушууда ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандардын укуктарын коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жардам көрсөтүү, документтерди тариздөө жана соттук териштирүүлөргө байланыштуу иштерди кароо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, ишкерлерди колдоо жана мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө маселелери да каралды.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын калк менен иштөөсүн күчөтүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Ал көптөгөн көйгөйлөрдү жергиликтүү деңгээлде өз убагында чечип алса болорун айтты.

Буга байланыштуу жетекчилерге жарандар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, алардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл чараларды көрүү тапшырылды.