Ар бир айылга бала бакча, спорт комплекс жана маданият үйү курулат – президент

Президент
Ар бир айылга бала бакча, спорт комплекс жана маданият үйү курулат – президент

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. 2028–2029-жылдары Кыргызстандын ар бир айылында өзүнүн бала бакчасы, спорт комплекси жана маданият үйү пайда болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле авариялык абалга келген билим берүү мекемелери маселесине да токтолду.

"1950–1960-жылдары курулган, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан балдардын окуусу үчүн кооптуу деп корутунду чыгарылган 111 мектеп калды. 2027-жылы бул мектептердин курулушун толугу менен аяктоого бардык күчүбүздү жумшайбыз", - деди Садыр Жапаров.