Президент БА өлкөлөрүнүн жана Индиянын коопсуздук боюнча өкүлдөрүн кабыл алды

Президент 1671 16 Октябрь 2025 12:20
561753162_1368762448591719_2365616079699756426_n.jpg
561789502_1368762305258400_8832314457257856069_n.jpg
564141945_1368762371925060_4797487744242029015_n.jpg
561752403_1368762498591714_1479223822885552485_n.jpg
565130811_1368762405258390_5566647278958342188_n.jpg
565132722_1368762315258399_7017340812489072160_n.jpg
561320460_1368762381925059_8910250296122001562_n.jpg
561349280_1368762415258389_5115013187179149531_n.jpg
561691012_1368762458591718_5597360922650482548_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды.

Жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана актуалдуу коркунучтар менен чакырыктарга каршы туруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы учурда чыңалган эл аралык кырдаалда туруктуу өнүгүү үчүн эң ириде, бардык мамлекеттер менен тынч жана достук мамилелерди сактоо абдан маанилүү экенин баса белгиледи. Ал эми терроризм жана экстремизм менен катар, мыйзамсыз миграция жана киберкоопсуздук сыяктуу трансулуттук тобокелдиктер да өлкөлөрдүн саясий туруктуулугуна коркунуч жаратып келет.

“Мындан улам трансулуттук мүнөзгө ээ болгон терроризм менен натыйжалуу күрөшүү биргелешкен аракеттер аркылуу гана жүрүшү мүмкүн”, - деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле биргелешкен аракеттерибиздин негизин түзө турган бир нече багыттарды белгилеп өттү. Анын ичинде терроризм жана экстремизм менен күрөшүүгө басым жасоо, трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу, киберкоопсуздук жаатында координацияланган жооп кайтаруу, ошондой эле жаштар жана калк арасында агартуу жана билим берүү программалары бар.

Өз кезегинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары жана Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси эки жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле азыркы шартта "Борбор Азия – Индия" форматындагы диалогго суроо-талап бар экенин белгилешти.

Коопсуздук кеңештеринин башчылары коопсуздук жаатындагы маселелерди чечүүдө координацияланган ыкманы иштеп чыгуу зарылдыгын да баса белгилешти.