Президент аскер кызматкерлери менен бирге ашканадан тамактанды

Президент 12 октябрь 2026 17:10
5361585857070046529 (1).jpg
5361585857070046531 (1).jpg
5361585857070046530 (1).jpg
Алдыга
Артка
5361585857070046529 (1).jpg
5361585857070046531 (1).jpg
5361585857070046530 (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы жайгашкан 2024-аскер бөлүгүнүн жаңыланган аскердик комплексин ачуу иш-чарасына катышты.

Мамлекет башчысы аскердик комплекстин спорт залын, чек аралык даңк музейин жана спорт шаарчасын көрүп чыкты.

Ошондой эле коменданттык ротаны жана жатакананы кыдырып, аскер бөлүгүнүн ашканасында аскер кызматчылары менен бирге тамактанды. Анда Садыр Жапаровго жуманын ар бир күнүнө карата түзүлгөн тамак-аш рационунун үлгүлөрү көрсөтүлдү.