Бишкек , 12.03.25. /Кабар/. Прага шаарында Кыргызстандын элчиси Толенды Макеев Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Тынч океан департаментинин директору Марек Либржицкий жана Өнөр жай жана соода министрлигинин Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы Вацлав Лидл менен жолугушту.
Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушууда элчи эки тараптуу кыргыз-чех Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларынын алкагында ишти активдештирүүнү жана ушул жылы кезектеги консультацияларды өткөрүүнү сунуштады.
Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгы өзгөчө белгиленди.
Элчи ошондой эле 1920-жылдары түзүлгөн "Интергельпо" өнөр жай кооперативинин биринчи эшелонунун Кыргызстанга келишинин 100 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар Европа биримдигинин алкагында кызматташууну талкуулашты.
Белгиленгендей, былтыр президент Садыр Жапаровдун Брюссель шаарына болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну Чехия ушул жылы 30-январда ратификациялаган ЕБдин биринчи өлкөсү болгон.
Чехиянын Өнөр жай жана соода министрлигинде өткөн жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-чех жумушчу тобунун алкагында ишти активдештирүү жана жумушчу тобунун Прага шаарындагы кезектеги жыйынына биргелешкен даярдыктарды баштоону макулдашты.