Португалияда жайында дайынсыз жоголгон бала табылды

Дүйнө Загрузка... 03 Октябрь 2025 09:25
WhatsApp Image 2025-10-02 at 17.24.56.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Португалияда 10 жаштагы бала эки ай бою жарыксыз, суусуз, тамак-ашсыз ээн үйдө баңгизатка көз каранды атасы менен жашап келген. Бул тууралуу Euronews басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, кароосуз калган үй укук коргоо органдарына буга чейин баңгизаттар сакталган жана колдонулган жай катары белгилүү болгон. Бала ал жерде атасы тарабынан жашырылып, сырт дүйнөдөн обочолонуп жашаган. Анын апасы Францияга эмгек миграциясына кетип, уулу жайкы каникулда атасынын үйүнө келген. Бирок көп өтпөй экөө тең дайынсыз болуп, байланыш мүмкүн болбой калган.

Окуу жылы башталганда бала мектепке келбей калгандан кийин издөө иштери күчөтүлгөн. Жыйынтыгында ал Вила-Нова-де-Фамаликао шаарындагы кароосуз калган үйдөн табылып, ал жерде атасы менен кошо экени аныкталган.

Полициянын маалыматына ылайык, бала антисанитардык шартта жашаган.

Коңшулардын айтымында, ата-бала бул жерде болжол менен эки ай жашап келишкен. Баланын апасына дароо кабар берилген.

Ал эми бала медициналык кароого жөнөтүлүп, Correio da Man гезитинин маалыматы боюнча, анын денесинен кокаиндин издери табылган.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бала тиешелүү органдардын көзөмөлүнө алынган.