Бишкек 22.07.25 /Кабар/. Польшанын Балтика деңизиндеги Волин аралынан өлкө тарыхындагы, ошондой эле Европадагы эң ири мунай-газ кени табылды. Бул тууралуу канадалык Central European Petroleum (CEP) компаниясына таянып, Евроньюс агенттиги билдирди.
Маалыматта Wolin East деп аталган кенде болжол менен 22 миллион тонна мунай жана 5 миллиард куб метр газ бар экени белгиленет. Скважина 9,5 метр деңиз тереңдигинен бургуланып баштап, 2 715 метрге чейин жеткен.
CEP компаниясынын башчысы Рольф Скаар бул ачылышты “Польша энергетикасы үчүн тарыхый учур” деп атап, бул кен Балтика деңизинин ресурстарын узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө түрткү болорун билдирген.
Азыркы тапта компания өнөктөш издөө иштерин баштап, мунай казып баштоо боюнча пландарды караштырууда.