Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Перунун түштүгүндөгү Арекипа провинциясында күн мурун оор жол кырсыгынан кеминде 37 адам каза болуп, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык Пан-Америка жолу аркылуу жүрүп бараткан аймактар аралык автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышкан соң, жолдон чыгып, жарга кулап кеткен.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр, полиция жана тез жардам кызматтары тартылып, жабыркагандарды куткаруу жана аларды жакынкы ооруканаларга жеткирүү иштерин жүргүзүүдө.
Учурда жол кырсыгынын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштери башталды.