Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Күн мурун Перуда автобус жардан кулап, 15 адам каза болду. Бул тууралуу БелТА жазды.
Маалыматка караганда, кырсык өлкөнүн борборунда жайгашкан Хунин провинциясында болгон.
Молина автобусу катышкан кырсыктын кесепетинен 15 адам каза болгон.
Учурда дарыгерлер менен полиция алардын өздүгүн тактоого аракет кылууда. 27 бейтап ооруканага жеткирилген.
Кырсыктын себептери азырынча тактала элек. 66 жүргүнчүсү бар автобус Лимадан Ла Мерсед шаарына бара жаткан.