Бишкек, 24.07.25 /Кабар/. Перс булуңундагы Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Сауд Аравиясы жана Бириккен Араб Эмираттары өлкөлөрүн бир эле виза менен кыдырууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул тууралуу Евроньюс агенттиги билдирет.
Мааалыматта белгиленгендей, ал Grand Tours Visa же GCC виза деп аталып, ушул жылдын аягында, же 2026-жылдын башында ишке киргизилет. Бул виза менен жумушка орношууга же узак мөөнөттүү жашоого болбойт. Ал туризм, кыска сапар же жакындарга баруу максатында гана берилет.
Азырынча баасы белгисиз, бирок ал 6 өлкөгө алынган өзүнчө визага караганда арзаныраак болот деп айтылууда. Мөөнөтү 30дан 90 күнгө чейин болушу ыктымал.