Пекинде нөшөрлөгөн жамгыр 30 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө Загрузка... 29 Июль 2025 15:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Бүгүн Пекинде катуу жааган жамгырдан улам 30 киши каза болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун басымдуу бөлүгү 28 киши Миюнь районунда, дагы экөө Янцин районунда катталган.

Суу ташкынынын кесепетинен шаар боюнча жалпысынан 80 миң 332 адам эвакуацияланган. Миюнь районунда жаан-чачындын көлөмү 543,4 ммге чейин жетип, эң жогорку көрсөткүч катталган. Жамгырдан улам 31 жол тилкеси жабылып, 136 айылда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Күн мурун Пекиндин Муниципалдык суу ташкынына каршы штабы өзгөчө кырдаалдарга каршы чара көрүүнүн эң жогорку деңгээлин ишке киргизген.

Бийлик тургундарды дарыялардан жана кооптуу жерлерден алыс болууга чакырууда.