Пекинде катуу жаандан улам 50 миңден ашык адам эвакуацияланды

Дүйнө Загрузка... 27 Август 2025 09:00
IMG-20250827-WA0000.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Пекинде катуу жаандан улам 50 миңден ашык адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Известия гезити CCTV телеканалы кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Меньтоугоу, Фаншань, Чанпин, Хуайжоу жана Яньцин райондорунда суу ташкынына байланыштуу биринчи деңгээлдеги иш-чаралар башталды.

Пекинде суу ташкындарына өз убагында чара көрүү үчүн 200 миң киши нөөмөттө турат.

Синьхуа маалымат агенттиги буга чейин Ганьсу провинциясында суу ташкынынан 13 адам каза болгонун кабарлаган болчу.

Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмү Ганьсу жана Гуанси провинцияларына суу ташкынына каршы күрөшүү иштерине колдоо көрсөтүү үчүн 32 млн юань бөлгөн.