Педиатр окуу жылы башталганда балага күн тартибин кантип түзүү керектигин айтты

Ден соолук 21 сентябрь 2026 14:00
Педиатр окуу жылы башталганда балага күн тартибин кантип түзүү керектигин айтты

Окуу жылы жаңы башталганда баланын күн тартибин акырындык менен калыбына келтирип, уйкусун, тамактануусун жана күнүмдүк кыймыл-аракетин туура жолго салуу маанилүү. Баланын күн тартибин кантип калыбына келтирүү керектигин педиатр Майрамкүл Абышева “Кабар” агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, жайкы каникулдан кийин балдардын күн тартиби өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан мектептеги режимге дароо эмес, акырындык менен көндүрүү керек. Туура түзүлгөн күн тартиби балага билим алууга жеңилирээк ыңгайлашууга, өзүн жакшы сезүүгө жана активдүү болууга жардам берет.

Баланын тамактануусу кандай болушу керек?

Педиатр баланын тамактануусу ар түрдүү жана өз убагында болушу керектигин белгилейт. Күнүмдүк рациондо жашылча-жемиштер, дан азыктары жана башка пайдалуу углеводдор, ошондой эле эт, балык, жумуртка, буурчак өсүмдүктөрү жана сүт азыктары болушу керек.

“Негизги максат — баланын курсагын тойгузуу гана эмес, өсүп жаткан организмин керектүү азык заттар менен камсыз кылуу”, — деди Абышева.

Ошондой эле бала жетиштүү суу ичиши керек. Ал эми таттуу суусундуктарды, фастфудду, ашыкча таттууларды жана курамында пайдалуу заттар аз, кайра иштетилген азыктарды чектөө сунушталат.

Жеке гигиена

Педиатр оорулардын алдын алууда жеке гигиенаны сактоо маанилүү экенин айтты. Бала тамактанар алдында, дааратканага баргандан кийин, ошондой эле мектептен, бала бакчадан же сейилдөөдөн келгенде колун жуушу керек.

Мындан тышкары, тишти эртең менен жана кечинде тазалоо, өзүнө тиешелүү сүлгү жана жеке буюмдарды колдонуу, кийим-кече менен бут кийимдин тазалыгына көңүл буруу зарыл.

“Гигиена үзгүлтүксүз сакталышы керек, бирок аша чаап кетүүнүн зарылдыгы жок”, — деп белгиледи ал.

Абышева ата-энелер көп кетирген каталардын бири ашыкча тазалыкка умтулуу болсо, экинчиси жөнөкөй гигиеналык эрежелерге жетиштүү көңүл бурбоо экенин кошумчалады.

Күн тартиби жана уйку

Педиатр мектеп окуучусунун күн тартиби так, бирок ашыкча жүктөлбөшү керектигин белгиледи. Анда жетиштүү уйку, сабак окууга убакыт, сейилдөө, кыймыл-аракет, эс алуу жана бош убакыт каралышы зарыл.

Баланын күн сайын болжол менен бир убакта уктап, бир убакта ойгонгону жакшы. Сабактан кийин да балага эс алууга убакыт берүү керек. Үйгө келгенден кийин дароо кошумча сабакка же гаджет колдонууга отуруп калбашы керек.

“Мектептеги сабактардан кийин балага эс алуу зарыл”, — деди педиатр.

Анын айтымында, башталгыч класстагы балдарга болжол менен 9-12 саат, ал эми 13-18 жаштагы өспүрүмдөргө 8-10 саат уйку керек. Мектепке чейинки курактагы балдарга мындан да көбүрөөк уйку талап кылынат. Анын ичинде күндүз уктоо зарылдыгы баланын жашына жараша болот.

Адистин айтымында, уйкунун жетишсиздиги баланын маанайына жана окуусуна терс таасир этиши мүмкүн. Ошондой эле көңүл буруу, эс тутум, билимди өздөштүрүү жөндөмү, эмоционалдык абалы жана жалпы ден соолугу начарлашы ыктымал.

Кыймыл-аракет жана таза абада сейилдөө

Абышева баланын күн сайын кыймыл-аракетте болушуна да көңүл бурууну сунуштады. Анын айтымында, бала күнүнө орточо 60 мүнөт физикалык активдүүлүк менен алектениши керек.

Бул сөзсүз түрдө спорттук машыгуу болушу шарт эмес. Сейилдөө, кыймылдуу оюндар, велосипед тебүү, бийлөө, сууда сүзүү жана башка активдүү оюн-зооктор да жетиштүү.

“Эң негизгиси, бала үзгүлтүксүз жана өз каалоосу менен кыймылдашы керек. Физикалык активдүүлүк ага кубаныч тартуулаганы жакшы”, — деп белгиледи педиатр.

Баланын бөлмөсүндөгү аба

Педиатр бала жаткан бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетип турууну сунуштады. Бөлмөнүн абасы оор же өтө кургак болбошу керек.

Анын айтымында, бөлмөдөгү ыңгайлуу температура 18-22 градус, ал эми нымдуулук 40-60% чегинде болгону жакшы.

Ошондой эле бөлмөнү үзгүлтүксүз нымдуу тазалап, уктаар алдында жана эртең менен желдетип туруу сунушталат. Баланы өтө калың кийинтип, ысып кетишине жол бербөө керек.

Баланын ден соолугу үчүн үч негизги адат

Педиатр баланын ден соолугуна жана өсүп-өнүгүшүнө таасир этүүчү күнүмдүк негизги адаттар катары жетиштүү уйкуну, туура жана ар түрдүү тамактанууну, жетиштүү суу ичүүнү жана күн сайын кыймылдап, таза абада болууну атады.

Мындан тышкары, ал үй-бүлөдөгү психологиялык жайлуулук да бала үчүн маанилүү экенин белгиледи.

“Балага ата-энесинин көңүл буруусу, аны менен сүйлөшүү жана колдоо көрсөтүүсү керек. Ал өзүн коопсуз сезиши маанилүү”, — деди Абышева.

Адистин айтымында, баланын ден соолугу бир жолку процедура же кандайдыр бир каражат менен эмес, үй-бүлөдө күн сайын калыптанган пайдалуу адаттардын негизинде бекемделет.