Бишкек, 22.02.26 /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев Европа биримдигинин «Мектептерде инклюзивдүү жана STEAM-билим берүүнү илгерилетүү» долбоорунун эксперттери менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга белгилүү эксперттер Лайма Замжицке, Лигита Заильскайте-Якште жана STEAM компонентинин жетекчиси Юдита Шарпене катышып, педагогикалык кадрларды даярдоонун литвалык моделин тааныштырышты.
Жолугушууда төмөнкү багыттар талкууланды:
- Мугалимдерди даярдоо: Литвалык адистер бакалавриат деңгээлинде мугалимдерди даярдоонун үч варианты жана алардын окуу мөөнөттөрү тууралуу маалымат беришти.
- Билим берүү стандарттары: Литванын жогорку окуу жайларынын мисалында педагогикалык багыттар боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарынын мазмуну сунушталды.
- Трансформация: Педагогикалык билим берүүнү реформалоонун алкагында мугалимдерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Литванын алдыңкы тажрыйбалары бөлүшүлдү.
Тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулап, жакынкы бир жылга карата биргелешкен иш-пландарды белгилешти.
Иш-чарага министрликтин адистери жана Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун өкүлдөрү катышты.