Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Жасалма интеллекттин өнүгүшү медиа тармагы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ошол эле учурда ал эл аралык кызматташууну жана тажрыйба алмашууну талап кылган олуттуу чакырыктарды да жаратууда. Бул тууралуу “Российская газета” редакциясынын башкы директору Павел Негоица ШКУнун ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунда билдирди.
Анын айтымында, Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылы Шанхай шаарында Жасалма интеллект жаатындагы дүйнөлүк кызматташтык уюмунун түзүлүшү - заманбап дүйнөдө жаңы технологиялардын ролу өсүп жатканын көрсөткөн мыйзам ченемдүү кадам.
Негоица Кытай жасалма интеллектти заманбап байланыш системаларын өнүктүрүүдө активдүү колдонуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Кытайдын медиа түзүмдөрү, анын ичинде Синьхуа маалымат агенттиги, маалымат тармагында жасалма интеллект технологияларын колдонуу боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишти.
“Бүгүнкү күндө жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн ар кандай кытайлык, англис тилдүү, россиялык жана башка моделдери бар. Мындагы негизги чакырык — бул көп улуттуу билимди, тажрыйбаны жана технологияларды, өзгөчө медиа тармагында, бирдиктүү кесиптик системага бириктире алабызбы деген суроо”, — деди ал.
Басылманын жетекчиси ошондой эле ШКУ өлкөлөрүндө маалыматтык кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Анын пикиринде, бирдиктүү медиа-хаб түзүү жаңылыктарды, репортаждарды, аналитикалык материалдарды жана кесиптик тажрыйбаны алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча боло алат.
Ошондой эле ал жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланыштуу коркунучтарга, анын ичинде такталбаган маалыматтардын жайылышына жана жалган жаңылыктардын таасиринин күчөшүнө кайрылды.
Негоицанын айтымында, маалымат керектөөнүн көлөмү тездик менен өсүп жаткан шартта салттуу фактыларды текшерүү ыкмалары жаңы кыйынчылыктарга туш болууда. Ошол эле учурда жасалма интеллект материалдарды даярдоонун ылдамдыгын жана сапатын кыйла жогорулата алат, бирок аны жоопкерчиликтүү жана этиканы сактоо менен колдонуу зарыл.
“Жасалма интеллект жана медиа тармагындагы кызматташтык абдан керек. Бүгүнкү күндө бул багытта алгачкы кадамдар жасалып жатат. Келечекте мындай кызматташтык ШКУ өлкөлөрүнүн маалыматтык мейкиндигин өнүктүрүүнүн маанилүү факторуна айланышы мүмкүн”, - деди Павел Негоица.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форуму биринчи жолу өтүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары — Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги.
Форумга 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл катышууда. Алардын арасында ири маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун, илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.
Форумдун темасы — “Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” деп аталат.
Пленардык жыйындарда жана тематикалык сессияларда катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташууну өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптик өзгөртүү, гуманитардык байланыштарды бекемдөө жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулап жатышат.