Парламентти өзүн-өзү таркатуу демилгесин көтөргөн депутаттар - кимдир бирөө ыйгарым укуктарын токтотууга мажбурлап, саясий аренадан четтетүүгө аракет кылып жатат деген имиштерге жооп кылып, «жумурткадан кыр издегендин кажети жок» деп билдиришти. Алар муну интрига куруп, хайп жаратууга маш болгон айрымдардын аракети катары баалашууда. Демилгелүү топтун өкүлдөрү тескерисинче, Кыргызстанда саясий туруктуулукту камсыз кылуу жана өлкөдө учурда байкалган өнүгүүнүн жогорку темпин сактап калуу максатын көздөшөрүн айтышууда.
Түзүлгөн жагдайдын маңызын жөнөкөй тил менен түшүндүрсө болот: республикада парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек. Андан кийин, 2 айга жетпеген убакыттан соң — 2027-жылдын январь айында — президенттик шайлоо өтөт. Эки негизги бийлик бутагын калыптандырган эң маанилүү саясий окуялардын ортосундагы мындай кыска убакыт, саясий жана уюштуруу жагынан кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Округдар боюнча талапкерлер ортосундагы талаш-тартыштардан улам парламент түзүлө электе эле, Жогорку Кеңеш мамлекет башчысын шайлоону жарыялоого туура келип калышы мүмкүн.

Башкача айтканда, бул чечим бир заматта кабыл алынган эмес жана кандайдыр бир өзгөчө кырдаал менен байланыштуу да эмес. Парламент менен президенттин шайлоолоруна белгиленген мөөнөттөрдүн бири-бирине өтө жакын болуп калгандыгы, бийлик бутактарынын алмашуусуна тоскоолдук жаратпашы үчүн, шайлоолор атайын бир жылга жылдырылууда.
Экинчи маанилүү жагдай — Кыргызстанда отуз шайлоо округу түзүлүп, ар биринен Жогорку Кеңешке үч депутаттан шайлануучу жаңы шайлоо мыйзамынын кабыл алынышы. Бул контекстте өлкөдө жүрүп жаткан административдик-аймактык реформаны шайлоо округдарынын конфигурациясынын өзгөрүшү менен айкалыштыруу жана синхрондоштуруу маселеси турат. Бул жагдай да депутаттардын бир тобунун жаңы принциптерге негизделген парламенттик корпусту түзүү үчүн мандаттарынан баш тартуу чечимине түрткү болду.
Учурда Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан өзүн-өзү таркатуу демилгеси көтөрүлүп, депутаттардын 30дан ашык кол тамгасы коюлган документтер Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине тапшырылганы белгилүү болду. Бул маселе кийинки жумада эле парламенттин пленардык жыйынында каралат деп күтүлүүдө.

Өзүн-өзү таркатууну колдогон топтун мүчөсү, депутат Улан Примов «Кабар» агенттигине берген комментарийинде, демилге биринчи кезекте Кыргызстанда саясий туруктуулук жана стабилдүүлүктү камсыздоого багытталганын билдирди.
«Эки негизги фактор бар. Жогорку Кеңештин жана президенттин шайлоосу тууралуу мыйзам кабыл алынды. Анда жаңы система жана тартип так аныкталган. Президенттик шайлоо 2027-жылдын январь айынын башына, парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айына белгиленген. Бул маанилүү окуялардын ортосундагы эки айдан аз убакыт белгисиздикти жана айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Эгерде талапкерлер ортосундагы талаштардан улам парламентти түзүү кечеңдесе, анда президенттик шайлоону ким жарыялайт?
Ошондуктан, саясий системаны жана туруктуулукту чыңдоо максатында демилгелүү топ парламентке ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө тапшырууну сунуштап жатат. Бул чечим Кыргызстан учурда жетишип жаткан жогорку өнүгүү темпин жана экономикалык көтөрүлүштү сактап калуу үчүн да маанилүү», — деп белгиледи Улан Примов.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев депутаттардын бул кадамын, ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаарына бир жыл калганда өзүн-өзү таркатуу демилгесин көтөрүшүн, жалгыз гана юридикалык кылдаттык менен түшүндүрүп болбой турганын белгиледи.
Анын айтымында, эки шайлоо кампаниясы олуттуу финансылык чыгымдарды талап кылат. Ошондуктан, бюджетке болгон жүктү туура бөлүштүрүү маселеси да каралууга тийиш.
«Парламенттик жана президенттик шайлоолордун ортосунда, эң жакшысы, жарым жылдан бир жылга чейинки тыныгуу болушу керек. Бирок бул учурда эки шайлоо өнөктүгү дээрлик катарлаш өтүп жатат. Депутаттарды округдар боюнча шайлайбыз. Эгерде кайсы бир жерде кандайдыр бир себептерден улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылса, анда кайра шайлоо дайындалат. Демек, парламентти түзүү мөөнөтү да жылдырылат. Ошондуктан, алгач мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп, андан кийин гана президенттик шайлоо өтүшү керек. Башкача айтканда, бул эки саясий окуяны убакыт боюнча бөлүп жатабыз.
Экинчи максат – бул окуялардын ортосунда бир жылдай убакыт өтсө, бюджетке болгон жүк да азаят, бул финансы жагынан да рационалдуу болот», — деп жыйынтыктады Нурбек Сыдыгалиев.

Эксперттердин айтымында, депутаттардын демилгеси саясий турмуштагы гана эмес, мамлекеттин кызыкчылыктарына болгон жаңыча мамиленин жана саясий маданияттагы өзгөрүүлөрдүн белгиси болуп саналат. Бир нече күн ичинде депутаттык корпустун үчтөн биринен көбү өлкөдө бийликтин негизги бутактарын туруктуу жана үзгүлтүксүз түзүү үчүн мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарынан баш тартууну чечкени — олуттуу көңүл бурууга арзыйт. Бул — туруктуулуктун негизги фактору. Ал өз кезегинде экономикалык ийгиликтерге да, жарандардын социалдык турмушуна да түз таасир этет.