Парламенттик шайлоо. 13:00гө карата шайлоочулардын 15,9%ы жарандык милдетин аткарды — Кабар

Парламенттик шайлоо. 13:00гө карата шайлоочулардын 15,9%ы жарандык милдетин аткарды

Шайлоо 30 ноябрь 2025 13:05
Парламенттик шайлоо. 13:00гө карата шайлоочулардын 15,9%ы  жарандык милдетин аткарды

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда жана өлкөдөн тышкаркы аймактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 13:00гө карата шайлоочулардын 15,9 пайызы шайлоого катышты.

Тагыраагы 685 миң 400 жаран атуулдук милдетин аткарды.

Белгилей кетсек, саат 12:00гө карата шайлоого катышкан жарандардын саны 12,07%ды түзүп, 518 миң 473 жаран атуулдук милдетин аткарган.