Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда жана өлкөдөн тышкаркы аймактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 12:00гө карата жалпы шайлоочулардын саны 12,07%ды түздү. Атап айтканда 518 миң 473 жаран атуулдук милдетин аткарды.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу округ боюнча 460 кандидат ат салышууда. Алардын 271и - эркек, 189у - аял талапкерлер.