Парламенттик байланыштар: Амангелдиев француз сенаторлору менен жолукту

Министрлер кабинети 18 Апрель 2026 10:10
69e24e7909469.jpeg
69e24e790e35d.jpeg
Алдыга
Артка
69e24e7909469.jpeg
69e24e790e35d.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Франция — Борбор Азия” достук тобунун сенаторлору менен жолукту.

Жолугушуу Данияр Амангелдиевдин Францияга болгон иш сапарынын алкагында орун алды.

Сенаторлор менен болгон баарлашууда тараптар кыргыз-француз кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө артыкчылылыгына токтолушту.

Кыргыз тарап саясий диалогду чыңдоонун жана эки тараптуу кызматташуунун күн тартибин алдыга жылдыруунун олуттуу куралы катары эки өлкөнүн парламенттеринин, анын ичинде тиешелүү комитеттердин, депутаттык достук топторунун ортосундагы жана парламенттик дипломатиянын механизмдеринин алкагында байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.