Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынында депутат Гуля Кожокулова коргоо министринин милдетин аткаруучу Руслан Мукамбетовдон эмне үчүн аскерлер өз каражатына форма сатып алууга аргасыз болуп жатканын сурады.
Руслан Мукамбетовдун айтымында, аскерге чакырылгандар жылына эки жолу форма менен камсыздалат.
“Алар бут кийим, форма, сырт кийим жана ич кийим менен камсыздалат. Ал эми, контракт боюнча иштеген аскерлер сапаттуу формаларды сатып алган учурлар бар. Бирок биз бул боюнча иштеп жатабыз жана жакынкы аралыкта үлгүлөрдү сиздерге көрсөтөбүз”, - деди ал.
Гуля Кожокулова белгилегендей, аскердик форма ар кандай сапатта болбошу керек.
"Форма бирдей болушу керек. Бул биздин армия. Бул биздин коопсуздугубуз жана бул маселеге кылдат мамиле кылуу керек. Жоокерлердин кийимдери синтетикалык эмес, сапаттуу жана жакшы материалдан жасалган болушу керек.
Жоокерлер күн сайын форма кийишет. Алардын формалары 9-майда Москвадагы параддагыдай сапаттуу болушун каалайбыз. Бул үчүн мурунку министрге ыраазыбыз, бирок бул бардык жерде болушун каалайбыз”, - деди депутат.