Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар УКМКнын төрагасы кызматына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин жактырды.
Депутаттардын баары “макул” деп добуш берди.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети анын талапкерлигин колдогон болчу.