Париждеги Лувр музейин оңдоого 1,15 млрд евро керектелет

Дүйнө Загрузка... 07 Ноябрь 2025 15:35
пр.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Эммануэль Макрон 2025-жылдын январь айында жарыялаган Луврды жаңылоо долбооруна башында болжолдонгон 700-800 млн евронун ордуна 1,15 млрд евро керектелет.

АЗЕРТАЖ билдиргендей, бул тууралуу Франциянын Эсеп палатасынын музейдин октябрь айында тонолушун жана анын коопсуздук системасындагы аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен даярдалган докладында айтылат.

Франциянын Эсеп палатасынын төрагасы Пьер Московиси докладдын жарыяланышына арналган маалымат жыйынында сүйлөп жатып, 19-октябрда болгон тоноо музейдин коопсуздугун камсыздоого жетишсиз инвестиция салынганын көрсөткөн "коңгуроо" болгонун баса белгиледи.

Анын айтымында, техникалык каражаттарды жана коопсуздук тутумун модернизациялоо өтө жай жүрүп жатат, ал эми Луврдын администрациясы имараттарды тейлөөгө жана оңдоого зыян келтирип, сырткы көрүнүшүн жакшыртууга жана жагымдуулугун арттырууга, анын ичинде жаңы искусство чыгармаларын сатып алууга артыкчылык берген.

2025-жылдын январында Франциянын президенти Эммануэль Макрон музейди "Луврдын жаңы кайра жаралуусу" деп аталган жаңылоо программасын жарыялаган. Аны каржылоо, башка нерселер менен катар, Европа биримдигине кирбеген өлкөлөрдүн туристтери үчүн билеттердин баасын жогорулатуу аркылуу камсыз кылынышы пландаштырылган.