Бишкек, 13.10.26 /Кабар/. Франциянын борбору Париж шаарындагы 1615-жылы негизделген Анфан-Руж жабык базары ири өрттөн улам толугу менен күйүп кетти. Өрт базардын 1 миң чарчы метр аянтын каптаган. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Маалыматка караганда, өрт түнкү саат үчтөр чамасында башталган. Өрт өчүрүүчүлөр бир нече саат бою күйүп жаткан урандыларды өчүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Азырынча тилсиз жоонун келип чыгуу себеби белгисиз.
Өрт өчүрүү кызматынын өкүлү Пьер де Бувьенин айтымында, куткаруучулар окуя болгон жерге келгенде базардын ичин жалын толугу менен каптап калган.
“Базар толугу менен талкаланды. Андан эч нерсе калган жок”, — деп билдирген ал.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн негизги милдети жалындын базардын үстүндө жайгашкан турак үйлөргө жана дүкөндөргө жайылышына жол бербөө болгон.
Окуя болгон жерге эртең менен келген Париждин борбордук секторунун мэри Ариэль Вейль базардын толугу менен күйүп кеткенин билдирген. Анын айтымында, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында кырсыктын андан ары жайылышына жол берилген эмес.
Анфан-Руж базары Париждеги эң эски жабык азык-түлүк базары болуп саналат. Ал көчө тамактары менен белгилүү болуп, дүйнөдөгү мыкты базарлардын ондугуна байма-бай кирип келген.