Парижде ЮНЕСКОнун башкы кеңсесинде кыргыз-казак айтышы өттү

Маданият Загрузка... 18 Май 2025 18:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.05.25. /Кабар/. Парижде ЮНЕСКО уюмунун баш кеңсесинин залында кыргыз-казак эл аралык айтышы биринчи жолу өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тарыхый маданий иш-чара ЮНЕСКО тарабынан расмий колдоого алынып, 300 орундуу залда жогорку деңгээлде уюштурулду.

Айтышка Кыргызстандан да, Казакстандан дагы 5тен төкмө акын катышып, эки боордош элдин байыркы сөз өнөрү күйөрмандарга тартууланды. Эл аралык деңгээлдеги бул саамалык кыргыз-казак маданий кызматташтыгын чыңдоого жана акындык өнөрдү глобалдык деңгээлде даңазалоого өбөлгө болду.

Белгиленгендей, иш-чаранын башкы демилгечиси Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз, демөөрчүсү – Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болду.

Ага кыргыз тараптан Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо жана Казакстандын парламентинин өкүлдөрү да катышып, бул ири маданий саамалыкка саясий жана коомдук колдоо көрсөтүштү. Кыргыз акындарын Парижге Манас театрынын жетекчиси Нурбек Талантбеков жетектеп барды.

Айтыштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, акындарга байгелер ыйгарылды.

Бул алгачкы жолу өткөрүлгөн эл аралык айтышта Парижде кыргыз үнү жаңырып, эл аралык коомчулукка өлкөнүн маданиятынын бийиктиги таанытылды.