Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. “Курманжан датка” тарыхый тасмасы Парижде өткөн эл аралык илимий конференцияда талкууланды. Анда тасманын сценарийинин жаралуу тарыхы жана саясий чечимдердин анын акыркы вариантына тийгизген таасири каралды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, Парижде өткөн “Cinematic (Hi)stories in/of Central Asia: New Perspectives” аттуу конференцияда француз тарыхчысы, Борбор Азияны изилдөө боюнча Француз институтунун өкүлү, доктор Ксавье Аллез баяндама жасады.
Ал режиссёр Садык Шер-Нияз тарткан 2014-жылкы “Курманжан датка” тасмасын улуттук тарыхый кинематографиянын үлгүсү катары талдап, анын жаралуу процессине жана мазмунуна саясий чечимдердин таасирине көңүл бурду.
Белгилей кетсек, тасма эл аралык илимий чөйрөдө да изилденип келет. 2021–2025-жылдары ага арналган илимий макалалар бир катар эл аралык журналдарда, анын ичинде “Laboratorium: Russian Review of Social Research”, “Galactica Media: Journal of Media Studies”, “Uluslararası Medeniyet Çalışmaları Dergisi” жана “BURANA — Türkoloji Araştırmaları Dergisi” басылмаларында жарыяланган.