Парижде Сена дарыясы 102 жылдан кийин биринчи жолу сууга түшүү үчүн ачылды

Дүйнө Загрузка... 09 Июль 2025 11:01
WhatsApp Image 2025-07-08 at 11.45.06 (1).jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Парижде Сена дарыясы 102 жылдан кийин биринчи жолу сууга түшүү үчүн ачылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Франциянын баш калаасынын мэри Анн Идальго билдиргендей, 5-июлдан тартып августтун аягына чейин Сена дарыясында үч коомдук сууга түшүү аймагы уюштурулмакчы. Ал эми калган бөлүктөрдө сууга түшүүгө тыюу салынат.

"Олимпиададан бир жыл өткөн соң, катуу санитардык көзөмөл алдында Париж тургундары жана коноктору Сенада сүзүү ырахатын кайрадан сезүүгө мүмкүнчүлүк алышты", - деген ал.

Агенттиктин маалыматына караганда, бийлик Сенаны коопсуз сүзүү аймагына айландыруу үчүн бир нече жылдан бери тазалоо жана көзөмөл иштерин жүргүзүп келген.

Бир эле учурда 150 адамды кабыл ала турган Иле Сент-Луиге жакын жердеги сууда сүзүү аймагынан тышкары, жакында дагы эки окшош сууга түшүү аймагы ачылат.

Алардын бири Эйфель мунарасынын жанында жайгашып, 200 кишини батыра алат. Экинчиси Франциянын Улуттук китепканасынын маңдайында жайгашкан, 700 кишиге ылайыкталган.

Париж мэриясынын айтымында, сууга түшүүчү аймактарда катуу эрежелер колдонулат жана ал жакка бардыгы киргизилбейт. Дарыяга сууда сүзө билгендер гана кире алышат жана бул жөндөмдөрүн куткаруучулар атайын аймакта сынашат.

Мындан тышкары, жаш жана бою боюнча чектөөлөр болот. Париждин борборундагы жана Эйфель мунарасынын жанындагы жерлерде 14 жаштан жогорку жана бою 1,4 метрден ашкан адамдарга гана сууга түшүүгө уруксат берилет.

Китепкананын жанында 10 жаштан жогуруулар жана 1,2 метрден ашкан жарандар кире алышат.

Сенадагы суунун сапаты күн сайын текшерилип, эгер көрсөткүчтөр канааттандырарлык эмес болсо, жуунуучу жайлар жабылат.

Аталган дарыяга сууга түшүүгө 1923-жылдан бери расмий түрдө тыюу салынган.