Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Франциянын Париж шаарында саламаттык сактоо жаатындагы инвестиция жана кызматташтык боюнча биринчи кыргыз-француз форуму өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев катышты.
Министрликтен маалымдашкандай, форум Франция жана Кыргызстандын ооруканаларынын кызматташтык күндөрүнүн алкагындагы негизги иш-чара болуп, Франциянын алдыңкы компанияларынын, илимий-изилдөө институттарынын, медициналык жана технологиялык ишканаларынын, инвесторлорунун жана эл аралык уюмдарынын өкүлдөрүн бириктирди.
Форумду French Healthcare ассоциациясынын башкы делегаты Эмиль Жоке ачып, Франциянын медицина, санарип технологиялар жана фармацевтика тармагында Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыгуусу жогорулап жатканын белгиледи.
Форумдун ачылышында министр Чечейбаев тышкы өнөктөштүктү өнүктүрүү улуттук саламаттык сактоо тутумун модернизациялоонун маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал бүгүн өлкөдө саламаттык сактоо секторун реформалоо боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатканын жана өзгөчө көңүл инфраструктурага, санарип технологияларга, оорулардын алдын алууга жана кадрдык өнүгүүгө бурулуп жатканын баса белгиледи. Мамлекеттин негизги саясатынын борборунда жарандардын саламаттыгын — өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башкы көрсөткүчү катары түшүнүү турат.
Эркин Чечейбаев модернизация программасынын негизги элементтерин сунуштап, алардын ичинде КР президентинин жаңы медициналык шаарча куруу жөнүндөгү Указынын ишке ашырылышын белгиледи. Бул — өлкөнүн алдыңкы улуттук медициналык мекемелерин бириктире турган заманбап, жогорку технологиялуу медициналык кластерди түзүү долбоору. Долбоордун алкагында болжол менен 100 гектар аянтта 300 миң чарчы метр инфраструктура жана 3 200дөн ашуун орун каралган. Келечектеги комплекске дарылоо, диагностикалык, билим берүү жана илимий багыттар кирет. Ал экологиялык коопсуздук, энергиялык үнөмдүүлүк жана бейтаптар менен медициналык персонал үчүн ыңгайлуулук боюнча жогорку стандарттарга жооп берет.
Министр француз өнөктөштөрүн бул долбоорго катышууга чакырып, кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү инженердик, архитектуралык, технологиялык жана медициналык чечимдерди, ошондой эле биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин камтый турганын белгиледи. Бул долбоор эл аралык өнөктөштөр менен технологиялык, инженердик жана инвестициялык өз ара аракеттенүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Өз сөзүндө Эркин Чечейбаев Кыргызстан саламаттык сактоодо санарип чечимдерди өнүктүрүү, электрондук медициналык системаларды киргизүү, телемедицинаны өнүктүрүү, дары-дармек жана медициналык буюмдарды чыгаруу, ошондой эле заманбап медициналык кластерлерди түзүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Ал өзгөчө жасалма интеллектти медицинада колдонууга көңүл буруп, Франция бул тармакта Европада алдыңкы орунда турарын айтты.
Ал белгилегендей, мындан бир нече жыл мурда келечектин технологиясы катары кабыл алынган ыкмалар бүгүн диагностиканын, оорулардын эрте аныкталышынын, алыстан байкоонун жана алыскы аймактарда медициналык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуунун практикалык инструменттерине айланып жатат.
Кыргызстан форумдун катышуучуларына саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын да сунуштап, милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү, калктын жеткиликтүүлүгүн жана финансылык корголушун жогорулатуу, "Дени сак адам — өнүккөн өлкө" улуттук программасын ишке ашыруу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча жаңы стратегияны даярдоо иштерине токтолду. Министр кадрдык потенциалды чыңдоонун, адистердин кесиптик өсүүсү үчүн шарт түзүүнүн жана реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле медициналык маалыматтарды интеграциялоо, электрондук карталарды киргизүү, «санарип ФАПтарды» өнүктүрүү жана жарандар үчүн жаңы кызматтарды ишке ашыруу сыяктуу багыттарды камтыган медициналык мекемелерди башкаруу сапатын жогорулатуу жана саламаттык сактоонун санарип трансформациясын улантууга өзгөчө басым жасалды.
Кыргызстан медицина тармагында инновацияларды, жаңы технологияларды жана алдыңкы башкаруучулук чечимдерди киргизүү үчүн ачык платформа болууга даяр экенин билдирди.