Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Күн мурун Парижде тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Франция Сенатынын "Франция-Борбор Азия" достук тобунун президенти Эрве Морэ менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-француз кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.
Парижде Кыргызстандын элчилигинин ачылышы менен эки өлкө парламенттеринин ортосундагы байланыштар кыйла активдешкени белгиленди. Бул ишти улантуу менен кыргыз тарап эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн парламенттик делегациялардын жыл сайын сапарлар менен алмашуусун уюштурууну сунуштады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү келечегин карашты. Кыргызстан энергетика чөйрөсүндө олуттуу потенциалга ээ экендиги жана француз компаниялары гидроэлектростанцияларды куруу жана өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорго катышууга кызыкдар экендиги баса белгиленди.
Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө көмөктөшүүчү биргелешкен маданий долбоорлорду жана фестивалдарды улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кыргыз-француз өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүгө эки тараптын багытталгандыгын тастыкташты жана үзгүлтүксүз парламенттер аралык диалог эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүү куралы болуп калаарына ишеним артышты.