Парижде дыйкандар парламенттин алдына 30 тонна картошка төгүп кетишти

Дүйнө Загрузка... 14 Январь 2026 10:18
WhatsApp Image 2026-01-14 at 09.56.58.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.01.25 /Кабар/. Францияда дыйкандар Түштүк Американын МЕРКОСУР жалпы рыногу менен түзүлүп жаткан соода келишимине каршы нааразылык иретинде Улуттук жыйындын имаратынын алдына 30 тонна картошка төгүп кетишти. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун дыйкандар жүздөгөн тракторлор менен көчөгө чыгып, МЕРКОСУР менен келишимге каршы акция өткөрүшкөн.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 17-январда Парагвайга барып, Европарламенттин макулдугун күтпөстөн МЕРКОСУР менен соода келишимине кол коюуну пландоодо. Азырынча Европарламент бул маселе боюнча добуш берүүнүн датасын белгилей элек.

Буга чейин, 2024-жылы Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндө фермерлер бул келишимге каршы массалык нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Алар Латын Америкасынан келген арзан товарлар европалык дыйкандарга зыянын тийгизип, атаандаштыкты күчөтөт деп кооптонушууда. Айрыкча оор абалда турган айыл чарба өндүрүүчүлөрү бул келишим сатуу көлөмүнүн азайышына алып келет деп эсептешет.

Белгилей кетсек, МЕРКОСУР – бул Түштүк Американын Аргентина, Уругвай, Парагвай, Бразилия жана Боливия мамлекеттерин бириктирген жалпы рынок. Уюм 1991-жылы Парагвайдын борбору Асунсьондо бажы союзу жана жалпы рынок түзүү тууралуу келишимге кол коюу менен расмий негизделген. Бүгүнкү күндө МЕРКОСУР 250 млн калкты камтып, континенттин жалпы ички дүң продукциясынын 75 пайызынан ашыгын түзөт.