Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Күн мурун Париж шаарында кыргыз-француз саясий консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Франциянын Европа жана тышкы иштер министринин орун басары рангындагы саясий департаменттин директору Брис Рокфейдин деңгээлинде өттү.
Консультациялардын жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык аспектилерин камтыган эки тараптуу кызматташтыктын кеңири маселелерин талкуулашты.
Тараптар кыргыз-француз өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты жана саясий диалогду кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Кыргыз тарап президент Садыр Жапаров тарабынан Франциянын президенти Эммануэль Макрон Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырылганын дагы бир ирет ырастады.
Экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, атап айтканда энергетика, айыл чарба, санариптик технологиялар жана кыргыз экономикасына француз инвестицияларын тартуу перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду.
Маданий-гуманитардык кызматташтык да талкуунун негизги темаларынын бири болду. Билим берүү программаларын кеңейтүүнүн, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү биргелешкен маданий иш-чараларды уюштуруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Тараптар эл аралык күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде климаттын өзгөрүшү, эл аралык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашышты. Мындан сырткары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, тараптар, регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, анын ичинде Афганистандагы кырдаалды карап чыгып, региондогу туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Борбор Азия жана Европа линиясы боюнча өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кыргыз-француз өз ара аракеттешүүсүн мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын билдиришти жана талкууланган бардык маселелер боюнча конструктивдүү диалогду улантууну макулдашышты.