Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бишкек мэриясы Панфилов сейил багындагы орун алган окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Мэриянын маалыматына ылайык, күн мурун аталган сейил бакта аттракцион иштеп жаткан учурда, коопсуздук курлары үзүлүп, натыйжасында бир адам жабыркаган.
Окуя болгон жерге Мамэкотехинспекция, Биринчи май райондук милициясынын жана акимчиликтин өкүлдөрү жерине барып, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Маалым болгондой, Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин адистери парктагы аттракциондорду талапка ылайык келтирүү боюнча мүлк комплексинин ижарачысына бир нече жолу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
“Учурда Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Биринчи май акимчилиги менен биргеликте комиссиянын отурумун өткөрүүдө, анын жыйынтыгында кошумча маалымат берилет.
Бишкек шаарынын мэриясы бул окуяга тынчсыздануусун билдирип, шаардыктардын, өзгөчө балдардын коопсуздугу шаардык администрация үчүн маанилүү экендигин баса белгилейт. Окуянын бардык жагдайларын тактоо жана зарыл чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдары жана башка жооптуу түзүмдөр менен толук кызматташууга даярбыз”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, жабыркаган кыз учурда оор абалда реанимацияда жатат.
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.