Панфилов сейил багындагы аттракциондордун иши токтотулду

Коом
487511199_654545163865283_231.max-1920x1080.format-webp.webp
487335475_654545147198618_456.max-1920x1080.format-webp.webp
488573972_654545217198611_528.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
487511199_654545163865283_231.max-1920x1080.format-webp.webp
487335475_654545147198618_456.max-1920x1080.format-webp.webp
488573972_654545217198611_528.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бишкектеги Панфилов атындагы сейил бактагы аттракциондордун иши убактылуу токтотулду.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 31-мартта аттракциондон кыздын кулап түшкөн окуясынан кийин аттракциондун ээсине 35 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, мэриянын, Биринчи май районунун акимчилигинин жана укук оргоо органдарынын өкүлдөрү кирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка аттракциондун эки коопсуздук курунун үзүлүп кеткени себеп болгон.

1-апрелден тарта сейил бактагы бардык аттракциондордун иши убактылуу токтотулду.

Учурда аттракциондордун техникалык абалын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Акыркы маалымат окуянын келип чыгуу себептери жана ага түрткү болгон жагдайлар толук аныкталгандан кийин берилери айтылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык кызматы бул окуяга терең тынчсыздануусун билдирип, шаар тургундарынын коопсуздугу биринчи орунда экенин баса белгиледи.

Жабыркаган кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул окуя боюнча Ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.