Соңку мезгилде Кыргызстанга келип билим алып жаткан чет элдик студенттердин саны өсүүдө. Алардын катарында Пакистандан келген студенттер да бар. Айрыкча борбор калаадагы медициналык окуу жайларда жок дегенде 1-2 пакистандык студентти жолуктурууга болот. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Медербек Исраилов менен Пакистандан келген студенттерге түзүлгөн шарттар, алар алган билимдин сапаты, окуудан кийинки келечеги жана эки өлкө ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтык тууралуу маектешти.

— Саламатсызбы. Ушул тапта бизде Пакистандан келген канча студент билим алып жатат? Басымдуу бөлүгү кайсы ЖОЖдорду тандайт?
— Азыркы учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында жалпысынан 9 миң 294 пакистандык студент билим алса, алардын 98 пайызы медицина тармагында. Пакистандык студенттер негизинен Бишкек шаарындагы жана анын чет жакаларындагы медициналык билим берүү мекемелеринде окуйт. Ошондой эле Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайларда да көптөгөн студенттер билим алып жатышат. Мындан тышкары, бир катар жеке менчик окуу жайларда да пакистандык студенттердин саны арбын.

— Студенттерге билим алуу, жатакана, медициналык камсыздоо жана башка тиешелүү шарттар кандай деңгээлде түзүлгөн?
— Мамлекеттик же жеке менчик ЖОЖ болобу, баарында алар үчүн жогорку деңгээлдеги шарттар түзүлгөн. Ар бир окуу жайда чет элдик студенттердин коомго көнүп кетүүсү үчүн атайын шарттар каралып, өлкөгө келгенде атайын программалар өткөрүлөт. Окуу жайларда чет элдик студенттер менен атайын координаторлор иш алып барышат. Координаторлор тарабынан жатакана, медициналык камсыздоо жана жүрүм-турумдары боюнча кеңештер берилет. Жатакана маселеси студенттин каалоосуна жараша чечилет. Кааласа жатаканага жайгаштырылат, кааласа ижарага батир алат. Бул жаатта эч кандай көйгөй жок. Мындан тышкары, тил боюнча да маселе жок. Өлкөдөгү бардык окуу жайларда алар англис тилинде билим алышат.

— Пакистан тарап Кыргызстандагы жогорку билим сапаты боюнча кандай пикирде? Биздин окуу жайларды аяктаган пакистандык студенттер өз өлкөсүндө ийгиликтүү ишке орношо алабы?
— Окуу жайды аяктап, диплом алган пакистандык студенттер өз өлкөсүндө ишке орношуудан мурда атайын экзамен тапшырууга милдеттүү. Кыргызстанда билим алган студенттердин басымдуу бөлүгү бул экзаменди ийгиликтүү тапшырып, ишке орношуп жатышат. Алардын дээрлик бардыгы учурда кесиби боюнча эмгектенүүдө.
Өлкөдө жалпы 34 медициналык билим берүү мекемеси бар, анын ичинен 12 мамлекеттик, 22си жеке менчик болуп эсептелет. Пакистандык студенттер ушул окуу жайлардын бардыгында билим алышат. Бул Пакистан тарап Кыргызстандагы медицина жаатындагы билимге ишеним артып, жогору бааларынын далили десек болот. Мындан тышкары, аталган окуу жайлардын көбү медицина жаатындагы эл аралык аккредитациядан өткөн.

— Кыргызстандык студенттер үчүн Пакистанда окуу мүмкүнчүлүктөрү барбы?
— Ооба. Соңку маалыматтар боюнча Пакистанда биздин 50дөн ашуун студент билим алып жатат. Алардын баары дин тармагында билим алышат.

— Кыргызстандын Пакистандын жогорку окуу жайлары менен биргелешкен билим берүү программалары барбы?
— Кыргызстан Пакистан менен билим берүү тармагында кызматташууну артыкчылыктуу багыт катары карайт. 2025-жылдын январь айында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Пакистандын ЖОЖдор боюнча комиссиясы менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койгон. Бул келишимдин негизинде биргелешкен иштер жүрүп, жаңы пландар иштелип чыгууда.

Мындан тышкары, окуу жайлар аралык түз байланыштар жана кызматташтык да бар. Учурда бул жааттагы өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, биргелешкен программалар түзүлүүдө. Анын ичинде студент алмашуу, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу сыяктуу багыттар каралууда. Пакистанда акыркы жылдары IT, жасалма интеллект жана санариптештирүү тармактары активдүү өнүгүүдө. Кыргызстан бул тармактар боюнча да тыгыз кызматташууга кызыкдар.