Пакистанда жанкечтинин жардыруусунан 16 киши каза болду

Дүйнө Загрузка... 30 Июнь 2025 10:05
WhatsApp Image 2025-06-30 at 09.58.46.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында жанкечтинин жардыруусунан кеминде 16 киши каза болду. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, жарылуудан эки үйдүн чатыры урап түшкөн.

Дагы 20дан ашык адам жараат алган.

Франс Пресс агенттигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Хайбер-Пахтунхва жана Белужистанда өкмөткө каршы куралдуу топтордун чабуулдарынан 290го жакын киши каза болгон.